Кыргызстанда 245 авариялык абалдагы мектеп бар

Кыргызстанда 245 авариялык абалдагы мектеп бар.

Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, ведомство аралык жумушчу топтун ишинин жыйынтыгында авариялык мектептер аныкталган.

“Учурда алардын саны 245ти түзөт.

Азыр 58 мектеп калды, алар бир дагы тизмеге кирген жок.

Калган мектепте оңдоо иштери жүрүүдө”, — деди аткаминер.