Корея Кыргызстандагы музейлерди өнүктүрүүгө 2,5 млн доллар бөлдү

Корея Кыргызстандагы музейлерди өнүктүрүүгө 2,5 миллион доллар бөлдү.

Маданият министринин орун басары Түмөнбай Колдошовдун айтымында, каражат төрт жыл ичинде ишке ашырыла турган жумуштарга сарпталууда.

Алсак, тарых музейинде, улуттук көркөм сүрөт музейинде жана көчмөндөр цивилизациясы борборунда иштер аткарылууда.

Ошондой эле ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Бурана мунарасын адамдын иш-аракетинен жана климаттык шарттардан улам бузулуудан сактап калуу долбоорун ишке ашыруу боюнча жумуштар жүрүп жатат.