Билим берүү министрлиги жеке бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт

Билим берүү министрлиги тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жеке бала бакчалардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзөт.

Ведомстводон билдиришкендей, лицензиялык талаптардын жана балдардын коопсуздук стандарттарынын сакталышы текшерилет.

Буга Бишкектеги жеке менчик бала бакчалардын биринде 5 жашар баланын сабалышы тууралуу маалымат себеп болгон.

Бул мектепке чейинки мекеменин иштөөсүнө лицензия бериле электиги белгиленди.