Кыргызстанда санарип кодексинин долбоору декабрдын башында тартууланат

Кыргызстанда санарип кодексинин долбоору декабрдын башында тартууланат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Талантбек Иманов билдирди.

 

Анын айтымында, документ 4 бөлүктөн турат – маалыматтар, сервистер, системалар жана инфраструктура. Чиновник белгилегендей, кодекстин долбоорун иштеп чыгууда адистер санариптик экономика тармагындаг эң мыкты делген эл аралык тажрыйбаларга таянышты.

 

Күтүлгөндөй, документти кабыл алуу менен экономикалык өсүш үчүн бардык шарттар түзүдүп, мамлекеттик жана жеке тармактардын ортосундагы кызмат көрсөтүү жакшырат.