Өлкөнүн мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанатын милиция көзөмөлдөйт

Өлкөнүн мектептеринде Акыркы коңгуроо салтанатын милиция көзөмөлдөйт.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, бул боюнча комплекстүү план бекитилди.

Ага ылайык, ар бир мектепке коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочу милиция кызматкерлери бекитилет.

Эске салсак, мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.

Буга чейин кафе, ресторандарда майрамдарды өткөрүүгө, ошондой эле жер-жерлерге чыгууга тыюу салынган.