Мектептердин ачылышына карата 700дөн ашык милиция кызматкери окуучулардын коопсуздугун камсыздайт

Мектептердин ачылышына карата 700дөн ашык милиция кызматкери окуучулардын коопсуздугун камсыздайт. Novosti.kgге жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей,

бүгүнтөн тартып чоң жолдун боюнча жайгашкан мектептерде атайын аймактык бекитилген милиционерлер

иштейт. Алар ар бир мектепте сабактардын башталышы жана аякташына карата окуучуларды жолдон коопсуз өткөрүп, башталгыч класстын балдарына жол эрежелери боюнча түшүндүрүү, алдын-алуу сабактарын өтүшөт.