Жол инспекторлору айдоочуларды этият болууга чакырат

Жол инспекторлору айдоочуларды этият болууга чакырат. Алдыдагы 3 күндө өлкөдө туруксуз аба-ырайы күтүлөт – карга айланган жаан жаап, жолдорго муз тоңот. Андыктан, авариялык абалдарды алдын алуу максатында айдоочулар унаалар ортосундагы тиешелүү аралыкты сактап, ылдамдыкты жогорулатпай жүрүшү керек.

 

Ал эми тоолуу аймактарга сапар ала турган айдоочулар сөзсүз түрдө жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы зарыл.