Жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга карата милиция 5-апрелден тартып күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтөт.
Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов билдиргендей, добуш берүү күнү коомдук коопсуздукту 11 миңден
ашык милиция камсыздайт. 4 миң кызматкер 2 миң 435 шайлоо тилкесине бөлүштүрүлөт. Андан тышкары, 1,5 миң кызматкер
унаалар менен аймактарда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт. Ошондой эле 6 миң элдик кошуундун
мүчөлөрү ички иштер органдарынын кызматкерлерине жардам берет