Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды

Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн келген 137 турист медициналык жайларга карантинге алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, министрлик Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы жана Казакстандын колдоосу менен өлкөгө Египет жана Таиландга эс алууга барып келе албай калган туристтерди кайтарды.

 

Алар алгач Алматы шаарынын аэропортуна конуп, Бишкекке Кыргызстандан жиберилген атайын транспортто медиктердин коштоосунда келишти. Тиешелүү анализдерди тапшырып жатышат.