Кыргызстанда 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар

Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо уюмдарында 551 жасалма дем алдыруучу аппарат бар.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирет. Маалыматка караганда, медициналык

аппараттар балдар жана чоң адамдар үчүн деп бөлүнбөйт. Учурда Саламаттыкты

сактоо министрлиги Россия жана Кытайдан кошумча жасалма дем алдыруучу аппараттарды

алууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда 111 адамдан

коронавирус инфекциясы аныкталды.