Коронавирус пандемиясы качан бүтөөрү айтылды

Коронавирус пандемиясы качан бүтөөрү айтылды.

Эгер вируска каршы катуу чаралар көрүлсө, ал жай айларында

токтой турганын Кытайдын Саламаттыкты сактоо мамлекеттик

комитети жарыялады. Маалыматта, вирус бүт дүйнө боюнча

июнь айына чейин тарайт. Ооруп айыккандар арасында вирус

экинчи ирет жугуу коркунучу аз. Белгилеп кетсек, COVID-19 өткөн

жылдын декабрь айында Уханда катталган. Учурда ал 100дөн

ашык өлкөгө тарап, жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты.

Алардын ичинен 4,5 миң адам каза таап, 70 миңге жакыны сакайды.

Ал эми расмий маалыматтарда Кыргызстанда вирус

жуктуруп алгандар каттала элек.