Япония кыргыз балын импорттоону алты эсеге көбөйтүүнү пландоодо

“Бир айыл – бир продукт” долбоорунун алкагында Япония кыргыз балын жеткирүүнү алты эсеге көбөйтүүнү пландоодо.

Аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчиси Сигэки Маэда билдиргендей, былтыр Японияга 10 миң тонна кыргыз балы экспорттолсо, быйыл 60 миң тонна жеткирүү каралууда.

Ал кыргыз балына болгон суроо-талапты продукциянын сапаты жана өзгөчөлүгү менен түшүндүрдү.