Бул окуу жылында педагог кесибине студенттер арасында суроо талап жогору болду

Бул окуу жылында педагог кесибине студенттер арасында суроо талап жогору болду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.

Бул окуу жылынын башынына карата республикада 138 орто кесиптик билим берүү мекемеси иш алып барды, анда 96 миңге жакын адам билим алат, алардын жарымынан көбүн (56 пайызын) кыздар түздү.

 

2020-2021 – окуу жылында орто кесиптик окуу жайларына тапшыргандардын арасында эң популярдуу адистиктер билим берүү болуп саналды. Жалпы кабыл алынгандардын 26 пайызы, саламаттыкты сактоого – 18 пайыз, экономика жана менеджмент – 14 пайыз, техникалык адаистиктерге – 13 пайыз кабыл алынды.

 

2016-2017 – окуу жылына салыштырмалуу кабыл алынгандардын санынын эң көп өсүшү информатика жана компьютердик технологиялар (49 пайыз) жана билим берүү (21 пайыз) адистиктеринде байкалган, ал эми айыл чарба жана балык чарбасы 2 эсеге, экономика жана башкаруу дээрлик 17 пайызга кыскарган.