Кыргызстанда автомектептердин рейтинги түзүлөт.
Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары
Бакытбек Шералиев билдирди. Анын айтымында, рейтинг курсанттардын
канча пайызы экзаменди ийгиликтүү тапшырганына карап түзүлөт.
Башкы максат — коомчулукка кайсы автомектептер айдоочуларды
жакшы даярдап, кайсынысы начар экенин көрсөтүү. Мындай чаралар
жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу
көрүлүүдө, — деп кошумчалады Шералиев.