Кыргызстан Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы республика боюнча белгиленет.
Бул тууралуу Novosti.kgге президент аппаратынан билдиришти. Андан белгилешкендей,
31-августта облустарда өздөрү белгилеген план боюнча иш-чаралар өткөрүлөт.
Ал эми ага каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнөт. Алсак, Бишкекте аскердик жана
эмгекчилер парады өтсө, Ошто, Нарында тарыхый инсандардын жылдыктары белгиленет.
Ал эми Таласта Манас эпосуна арналган иш-чара уюшутурулат. Ошондой эле
Жалал-Абадда 30 боз үй тигилет. Жалыпысынан
өлкө боюнча 40 иш-чара өткөрүү пландалууда.