Бишкек — Кара-Балта унаа жолуна жакын жайгашкан объектилер боюнча
түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Москва райондук архитектура
башкармалыгынан “Турмуш” басылмасына билдиришти. Маалыматка караганда,
Бишкек – Кара-Балта трассасы Александровка айыл аймагынын ортосунан өтөт.
Мындан улам, алардын жеке менчик дүкөндөрү жана контейнерлери курулушка
тоскоолдуктарды жаратууда. Жалпысынан жолго жакын 60ка жакын соода-сатык,
жарнак объектилери бар. Өткөн жылдын октябрь айынан бери оозеки жана
кагаз түрүндө түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Анын ортосунда каршы чыккандар болууда.
Эгер, жыйынтык чыкпаса, маселе мыйзам чегинде чечилет, — дешти башкармалыктан.