Ишкерликке уруксат берүү боюнча тарап жаткан маалымат жалган

Ишкерликке уруксат берүү боюнча тарап жаткан маалымат жалган. Бул тууралуу ордо калаа коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

 

Анын айтымында, карантин аяктагандан кийин биринчи болуп ишке кирчү ишкерликтин түрлөрү жазылган маалымат чындыкка дал келбейт.

 

Социалдык тармактарда 1-5-май күндөрү чарбалык буюмдар сатылган дүкөндөр, техникалык тейлөө, унаа жуучу жайлар жана чач тарачтар менен сулуулук салондору иштей баштары жазылган сүрөттөр тарап жатат.