“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бир катар бөлүмдөрү ишин жандантты.
20-июлдан тартып Нарын, Сүлүктү, Кочкор, Жумгал, Чокон Валиханов көчөсүндөгү
Бишкек шаардык жана Военно – Антоновка айылындагы бөлүмдөр карантинден кийин ачылды.
Эми карантин убагында унаасынын ишеним каты мөөнөтүнөн өтүп кеткен жарандар аталган
бөлүмдөргө кайрылса болот. Эске салсак, аталган бөлүмдөр 6-июлдан тартып карантинге жабылган.