Кыргызстан интернеттин ылдамдыгы боюнча 97-орунда турат.
SpeedTest интернет басылмасы билдиргендей, бул көрсөткүч июнь айына карата.
Майда биздин өлкө рейтингден 103-сапты ээлеген. Жалпысынан 138 өлкөгө
изилдөө жүргүзүлдү. Интернеттин күчтүүлүгү боюнча эң алдыңкы сапта Түштүк Корея жайгашса,
акыркыда Афганистан турат. Аталган рейтинг ай сайын жаңыланат.