Күндө керектелчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатуу боюнча 2 административдик айып салынды

Күндө керектелчү азык-түлүктөрдүн баасын негизсиз жогорулатуу боюнча

2 административдик айып салынды. Мындан тышкары 54 эскертүү

берилгенин Монополдукка каршы мамлекеттик агенттиги билдирет.

Материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча

мамлекеттик кызматына тапшырылды. Ал эми азыктардын бирдиктүү

баасына карата мониторинг соода борборлорунда, базарларда жана

дүкөндөрдө жүргүзүлүп жатат. Ведомстводон белгилешкендей,

азыктардын баасын негизсиз көтөргөн физикалык жактар 1 миң сом,

юридикалык жактар 5 миң сом айып төлөөгө аргасыз болушат