Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Сузак районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, суу ташкындап Жашасын жана
Жаңы-Булак айылдарындагы турак жайлардын короолоруна толуп калды.
Андан тышкары, Талаа-Булак жана Көк-Булак айылдарындагы ички жолдор жана
көпүрө жабыр тартты. Жеринде куткаруучулар тобу иштеп жатат