Бул иш жумасы бүгүн, шаршемби менен жыйынтыкталат

Бул иш жумасы бүгүн, шаршемби менен жыйынтыкталат. Кыргызстандыктар катары менен  4 күн эс алат. 21-мартта Нооруз майрамы белгиленсе, 22-марттагы иш күн 8-апрелге жылдырылган.

 

Ал эми ишемби, жекшемби эс алуу күндөр. Белгилеп кетсек, календарда кызыл менен белгиленген 7-апрель жекшембиге туура келгендиктен, 8-апрель эс алуу күн болмок. Бирок 22-марттын ордуна кыргызстандыктар бул күнү иштейт.