Кыргызстанда багар-көрөрү жок балдарга пенсия төлөө курагы жогорулайт

Кыргызстанда багар-көрөрү жок балдарга пенсия төлөө курагы жогорулайт.

Бул боюнча кененирээк Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев айтып берди:

“Ата-энесинен айрылып калган балдарга 16 жашка чейин пенсия төлөнчү.

Азыр ошону 18 жашка чейин жылдыралы деп жататбыз.

Анан эгерде окуу жайга тапшырып, заочно окуса биз пенсия төлөбөйбүз дечибиз.

Жыл сайын окуган жеринен справка сурачыбыз.

Азыр биз 23 жашка чейин ЖОЖдо окуса эч кандай справка сурабайбыз.

Болгону тапшырганда гана справка алып келет”.

Белгилеп кетсек, азыркы мыйзамга ылайык, ата-энесинен ажыраган балдар жогорку окуу жайдын кадимки формасында окуса гана пенсия чегерилет.