Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун планын иштеп чыкты (толукталды)

Өкмөт экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун планын иштеп чыкты.

 

Ал 3 этаптан турат, биринчиси 1-майда башталат. Бул күндөн тартып өнөр-жай, курулуш жана дүң соода түйүндөрүнө иштөөгө уруксат берилет.

 

Андан тышкары, нотариустар, чач-тарачтар, унааны оңдоо жана такси кызматтары ишке кирет.

 

Экинчи этап 11-майга белгиленип, анда кичи каржылык компанияларга, тур.агенттиктерге, тиричилик тейлөө тармагына, курулуш дүкөндөрүнө жана базарларына, унаа салондоруна уруксат берилет. Линияларга автобус, троллейбустар чыгат. Ал эми маршруттук таксилер азырынча чыкпайт.

 

3-этап 21-майда башталат. Калкты тейлөө борборлору, акча алмаштыруу жайлары, ломбарддар, соода борборлору, кийим жана унаа базарлары, дүкөндөр, мончолор ишке кирет. Жогорку окуу жайларда, мектептерде дистанттык окутуу уланат.