Кыргызстанда эл аралык аба-каттамдар качан ишке кирээри белгисиз

Кыргызстанда эл аралык аба-каттамдар качан ишке кирээри белгисиз.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министри Жанат Бейшенов билдирет.

Анын айтымында, бул маселени Республикалык штаб чечет. Учурда чет өлкөлөрдөгү

кыргызстандыктарды мекенге кайтаруу боюнча чартердик каттамдар тынымсыз жүргүзүлүп жатат.

Карантин жарыялангандан бери, тагыраагы 20-марттан 22-июлга чейин 113 чартердик каттам уюштурулду.

Аны менен 18 миң жүргүнчү жеткирилди, — деп кошумчалады чиновник.