Иш менен камсыз болгон үчүнчү топтогу майыптардын пенсиясы жогорулайт

Өлкөдө иш менен камсыз болгон үчүнчү топтогу майыптардын пенсиясы жогорулайт.

Бул тууралуу Novosti.kgге Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

“Булар иштегенге мүмкүнчүлүгү бар да.

Иштеп жаткан учурда айлыгын алат дагы сен иштеп жатасың деп пенсиянын 50 пайызын эле төлөп берип коет.

Ошону толугу менен төлөп беребиз деп жатабыз. Бул жакшы өзгөртүү деп ойлойм”.

Кошумчаласак, учурда Социалдык фонд пенсия боюнча мыйзамга 13 пункттан турган өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.