Кыргызстанда той-аштарга тыюу күчүндө кала берет

Кыргызстанда той-аштарга тыюу күчүндө кала берет. Коронавируска байланыштуу киргизилген айрым чектөөлөр алынса да, той-аштарга жана башка эл көп чогулуучу иш-чараларга салынган тыюу азырынча алынбайт.

 

Президент Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, өзгөчө абал киргизилген аймактарга кирип-чыгууда санитардык-карантиндик блокпосттор өз ишин улантат. Өлкө аймагына чет элдик жарандардын киришине да азырынча уруксат жок.

 

Белгилеп кетсек, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими 10-майга чейин узартылды.