Медицина кызматкерлерине айлык толугу менен төлөндү

Медицина кызматкерлерине айлык толугу менен төлөндү. Каржы министринин орун басары Марлен Амандыковдун айтымында, кеп март, апрель жана май айларындагы маяна тууралуу болуп жатат.

 

Ал эми өзгөчө абал режиминде иштеген милиция кызматкерлерине кошумча акы берүү  тууралуу айта турган болсок, учурда өкмөт тарабынан акы ала тургандардын тизмеси түзүлүүдө. Министрлер кабинетинин чечими чыккандан кийин бардык төлөмдөр берилет, — деди Амандыков.