Кыргызстанда бардык бала бакчалар июнь айына чейин иштебейт.
Билим берүү министри Каныбек Исаков билдиргендей, аталган мөөнөткө чейин
иштегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бирок жумушка чыккан ата-энелердин
балдары барган бакчаларды иштетүүнүн жолдору каралат. Коронавируска
байланыштуу мектепке чейинки даярдоо мекемелери да убактылуу жабылган.
Кыргызстанда 1 миң 390 бала бакча бар, анын 432сине жеке менчик
лицензиясы берилген. Тарбиялануучулардын жалпы саны 192 миңди түзөт.