Кыргызстанда 41 миң 727 абитуриент жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү.
Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдиргендей, тестирлөө 3 баскычта өтөт.
21-июнда негизгиси, ал эми 22-июнда кошумча сабактар боюнча тест тапшырылат. Экинчи этап
24-25-июнда, үчүнчүсү 11-12-июлда өтөт. Өмүров белгилегендей, ар кандай программа менен
чет мамлекеттерде жүрүп, жетишпей калган абитуриенттер үчүн атайын кечиктирилген тестирлөө уюштурулат.