Бишкекте коомдук тартипти бузган 8 айдоочунун унаалары айып токтотмого жеткирилди

Бишкекте коомдук тартипти бузган 8 айдоочунун унаалары айып токтотмого жеткирилди. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, ордо калаада жарандар унааларына түз түтүн чыгаруучу системаны көп орнотушууда.

 

Андан чыккан катуу үчүн шаар тургундарын тынчсыздандырып, коомдук тартип бузулууда. Кайгуул милиция рейд жүргүзүп, 8 унааны аныкташты. Транспорт айып токтотмого жеткирилди, ал эми айдоочуларга 5 миң 500 сом айып салынды.