Ордо калаада Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштерин аяктоо мөөнөтү жылдырылды

Ордо калаада Лев Толстой көчөсүн оңдоо иштерин аяктоо мөөнөтү жылдырылды. Бизге Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, аткаруучу компаниянын жетекчиси Кытайга кетип калган.

 

Ал сентябрдын башында келгенде, иштер жанданат деп пландалууда.

 

Учурда жеринде тротуарлар жана люктарды ондоо жумуштары жүрүп жатат. Эске салсак, Лев Толстой көчөсүнүн 7-апрель – Достоевский тилкесин 1-сентябрда колдонууга берүү пландалган. Эми бул мөөнөт кийинки айдын ортосуна чейин жылды.