Кыргызстандын эки жогорку окуу жайында аскердик кафедра ачылат

Кыргызстандын эки жогорку окуу жайында аскердик кафедра ачылат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Коргоо министрлиги сунуштап, документ коомдук талкууга чыгарылды.

 

Маалыматка ылайык, аскердик кафедралар Эл аралык илим жана бизнес университетинин, ошондой эле Дене тарбия жана спорт академиясынын базасында пайда болот.

 

Учурда даярдык иштери жүрүүдө, — дешти министрликтен. Эске салсак, 2017-жылы өлкөнүн жогорку окуу жайларында аскердик кафедралар жоюлуп, бир гана Медициналык академиянын базасында калтырылган.