Бишкекте УКМК Академиясынын курулушу старт алды

Бишкекте УКМК Академиясынын курулушу старт алды.

Ведомство маалыматына ылайык,  Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери

өлкөдө Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин окутуп, даярдоочу

адистештирилген толук кандуу атайын жогорку окуу жайы жок. Андан улам заман

талабына ылайык, кесипкөй кызматкерлерди даярдоочу академия түзүү каралды.

Белгилеп кетсек, учурдагы УКМК кызматкерлеринин көбү Кесиптик кайра

даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунда окуудан өтөт.