Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар пайда болушу мүмкүн

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу жайлар пайда болушу мүмкүн. Объектилерди Лев Толстой көчөсүндөгү гараждардын ордуна куруу пландалууда.

 

Муниципалитеттен белгилешкендей, аталган гараждар совет доорунан бери бар жана учурда алар максатсыз колдонулууда.

 

Планга ылайык, алардын ордуна 500 унааны батыра турган 5-6 кабаттуу жайлар түзүлөт. Кийин мындай объектилер Патрис Лумумба көчөсүндө, Жукеев-Пудовкин – Сүйөркулов жана Псков – Сухомлинов кесилиштеринде курулат.