Кыргызстандын мал базарлары ирээтке келтирилет

Кыргызстандын мал базарлары ирээтке келтирилет. Бул тууралуу Айыл-чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди. Анын айтымында, буга чейин соодагерлер базардын баары ылай болгонуна жана таза суунун жоктугуна арызданышкан.

 

Буга байланыштуу, мал базарлардын жетекчилигине санитардык талаптарды сактоо, соода аянттарын ирээтке келтирүү тапшырмасы берилди.