Бүтүрүү кечелерин кафелерде, эс алуу бактарында жана жаратылыш койнунда өткөрүүгө тыюу салынат

Бүтүрүү кечелерин кафелерде, эс алуу бактарында жана жаратылыш койнунда өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти.

 

Ведомстводон такташкандай, Акыркы коңгуроодон кийин дагы окуучуларга майрамдоого болбойт. Буга мугалимдер жана ата-энелер жооптуу болот. Мектептерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт, — дешти министрликтен.

 

Белгилеп кетсек, быйыл акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат. 9-классты аяктаган окуучуларга орто билим жөнүндө күбөлүктөр 11-июлда берилсе,  11-класстын бүтүрүүчүлөрү аттестаттарын 15-июлда алышат.