Кыргызстанда дагы 10 азык-түлүккө баалардын эң жогорку чеги орнотулду

Кыргызстанда дагы 10 азык-түлүккө баалардын эң жогорку чеги орнотулду. Монополдукка каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, нан, макарон азыктары, суу май, кумшекер, уй, кой жана каман этине нарк бекитилди.

 

Ведомстводон белгилешкендей, анализ бүт облустарда жүргүзүлдү. Ошондой эле, ишкерлердин бардык чыгашалары эске алынды. Бул өлкө аймагында азык-түлүккө болгон нарктын орунсуз жогорулашын алдын алуу үчүн жасалууда.  Баалар менен novosti.kg сайтынын кыргызча бөлүмүндө тааныша аласыздар.