Бишкекте камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга төмөндөдү

Бишкекте камералар орнотулган жерлерде жол кырсыктары 50 пайызга төмөндөдү.

Буга Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын

мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова ишендирүүдө.

Анын айтымында, башкармалыктагы “Мониторинг борбору” камералардын

ишин жана жол кыймылына көзөмөл салып турат. Учурда аталган борборго

маалымат сурап кайрылган жарандардын саны 96 миңди түздү.

Белгилеп кетсек, мамлекеттик органдар тарабынан фото жана

видео фактыларды өчүрүү мүмкүн эмес, жеке маалыматтар ачыкка чыкпайт.