Быйыл Кыргызстанда сугат суу тартыш болот

Быйыл Кыргызстанда сугат суу тартыш болот.

Бул тууралуу Суу чарба агенттигинин директорунун орун басары

Абдыбай Жайлообаев билдирди. Анын айтымында, мындай кырдаал

быйыл кышта кар аз жааганына байланыштуу. Ал эми ушул жылкы

1 миллион гектардан көп аянтка себүү иштери жүрөт. Бул былтыркыга

салыштырмалуу 2 миң гектарга көп. Белгилеп кетсек, Кыргызстан

агрардык өлкө, анын 70 пайызын айыл жерлери ээлейт.