Кыргызстанда дагы 402 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 402 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдан билдиришкендей, Бишкекте 122, Ошто 61, Чүйдө 75, Таласта 11, Ысык-Көлдө 26, Нарында 10, Жалал-Абадда 48, Баткенде 49 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө коронавирусту жеңгендердин жалпы саны 62 миң 946га жетти. Бул жалпы ооругандардын 88 пайызын түзөт.