Италияда 7 миллион долларга аялдардын кол баштыгы сатылууда

Италияда 7 миллион долларга аялдардын кол баштыгы сатылууда. Чет элдик басылмалар жазышкандай, дүйнөдөгү эң кымбат сумканы «Boarini Milanesi» компаниясы тартуулады.

 

Баштык крокодилдин терисинен жасалган. Аны сыртында алтын, бриллиант, сапфир менен шөкөттөлгөн 10 көпөлөк жайгаштырылган. Алардын жалпы салмагы 130 каратты түзөт.