Коронавирустан айыккандардын арасында 6 жашар бала бар

Бүгүн коронавирусту жеңип, ооруканадан чыккандардын арасында алты жаштагы бала жана жандандыруу бөлүмүнө оор абалда түшкөн жаран бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

 

Эске салсак, бүгүн ооруканадан 23 киши чыгарылган. Алардын тогузу Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарыланган.

Аталган оорукананын бөлүм башчысы Канат Искаковдун айтымында, сакайгандардын бардыгынын абалдары канааттандырарлык.

 

«Оорулуулардын бири абдан оор абалда түшүп, реанимация бөлүмүндө дарыланды. Дагы бири алты жаштагы наристе. Вирус ар кайсы организмге ар кандай таасир этет. Ошондуктан бардык адамдарды дарылоо методу бирдей эмес. Бардыгы консилиумда чечилет. Эгер абалы жакшы болсо, башка дары-дармектер, витаминдер колдонулат”, — деди дарыгер.