Кыргызстанда тест-системалардын запасы жетиштүү деңгээлде

Кыргызстанда тест-системалардын запасы жетиштүү деңгээлде.

Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, кечээ Россиядан медициналык жабдуулар келди, ал 29 миң изилдөө

жүргүзгөнгө жетет. Буга чейин да бир нече өлкө жана уюмдардан жардам катары

тест-системалар республикага жеткирилген. Үсөнбаев белгилегендей, жалпы

жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жалпы саны 28 минге жакын. Учурда өлкөдө

коронавирустун 466 учуру катталды. Алардын 91и айыгып, бешөө каза тапты.