Медицина кызматкерлерин ташууга транспорт каражаттары уюштурулду.
Бишкектеги дарыгерлерге 5 кичи маршруттук унаа, Чүй облусуна 3 жана
Ош жергесине 10 автобус бөлүштүрүлдү. Унаалар Өзгөчө кырдаалдар
министрлигине тапшырылды. Эми ведомство машинелерди каттамдар
боюнча бөлүп, күйүүчү май менен камсыздайт. Зарылчылык жаралса
дарыгерлерди ташуучу унааларды дагы уюштуруу каралат.