Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарына дарыгерлердин экинчи тобу жөнөп кетти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, алар аталган облустардагы
эпидемияга каршы жана дарылоо иш-чараларына катышат. Аларга кошумча айлык
төлөнүп берилет. Экинчи топтун курамына тогуз дарыгер кирди. 14 күн бою алар
илдетке чалдыккандарды текшерет. Андан кийин өздөрү да 2 жума карантинде болот.
Эске салсак, 25-мартта Жалал-Абад облусуна Бишкектен 8 дарыгерден турган
бригада барган. Кыргызстанда коронавирус жуктурган адамдардын саны 84кө жетти.
Алардын көбү республиканын түштүк аймактарында.