Кыргызстанда февраль жылуу болот. Буга синоптиктер ишендиришүүдө.
Кыштын акыркы айында өлкөнүн түндүгүндө күндүз температура -1ден +9га чейин жогорулайт.
Түндө термометр мамычалары -16дан ылдый түшпөйт. Ал эми түштүк аймактарында
күндүз 13 градус жылуу болушу күтүлөт. Түнкүсүн -8ге чейин абанын табы түшөт.
Ошондой эле жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот.