Кыргызстанда дизелдик отундун орточо баасы 70 сомдук чектен ашты

Кыргызстанда дизелдик отундун орточо баасы 70 сомдук чектен ашты.

 

Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети тартуулады. Ушул айдын 10 күнүндө дизель дароо 2 сомго кымбаттап, 68 сомдон 70 сомго жетти.

 

Ал эми жыл башынан берки кымбаттоону ала турган болсок, ал 22 пайызды же 13 сомду түзөт. Учурда эң жогорку баа Баткен облусунда – 75 сом 59 тыйын, Ошто дизелдик отундун бир литринин наркы 73 сомго барабар.