Ошто таза суу маселесин чечүү үчүн 250 миллион сомдук тендер жарыяланды

Ошто таза суу маселесин чечүү үчүн 250 миллион сомдук тендер жарыяланды. Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул каражатка суу дарбазасын куруу жана түтүктөрдү өткөрүү пландалууда.

 

Долбоорго каржылык колдоону Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берди. Иштер 2 жылга эсептелет. Муниципалитеттен белгилешкендей, программа ийгиликтүү ишке ашкандан кийин таза сууга мүмкүнчүлүк 70-80 пайызга жакшырат.