Кыргызстанда доллар курсу дагы көтөрүлүүдө

Кыргызстанда доллар курсу дагы көтөрүлүүдө. Улуттук банктын бүгүнкүгө бекиткен расмий курсу 79,68 сом, ал эми валюта базарында эртең мененки саат сегизде 80,20 сом болсо, күндүз эң жогорку көрсөткүч 81, 20 сомго жетти.

 

Жыл башынан бери  өлкөнүн башкы каржы мекемеси 13 жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 286 миллиондон ашык доллар сатты.

 

Бул аракет улуттук валютаны колдоо максатында жасалууда. 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген доллар быйыл март айында 85 сомго жетип, кайра арзандай баштаган.